Жаңылыктар
Гареев атындагы Ботаникалык бактын актуалдуу маселелери көчмө жыйында талкууланды
Кыргызстан жаңылыктары
Гареев атындагы Ботаникалык бактын актуалдуу маселелери көчмө жыйында талкууланды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов Улуттук илимдер академиясынын Гареев атындагы Ботаникалык багынын ишмердүүлүгү менен таанышуу боюнча көчмө жыйын өткөрдү. 

Жыйындын жүрүшүндө аталган мекеменин ишмердүүлүгү, Ботаникалык бактын актуалдуу маселелери боюнча маалымат берилди. Жолугушуунун катышуучулары бул мекемени өнүктүрүүнүн жана үзгүлтүксүз колдоого алуунун актуалдуулугун белгилешти. Эдиль Байсалов илимий ишмердүүлүк үчүн аянттарды жана Кызыл китепке киргизилген флора менен фаунанын ар кандай түрлөрү үчүн мейкиндикти сактоо зарылдыгын белгиледи. 

Айтымында, биринчи кезекте Ботаникалык бактын илимий макамын сактоо жана бекемдөө милдети турат. Андан соң Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте Ботаникалык бакты жакшыртуу сунуштары айтылды.