Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков УКМКнын тергөө абагына эки айга камалды. Бул тууралуу чечим Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан кабыл алынды.
Соттун чечими менен Кубанычбековго карата 17-мартка чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды. Эске салсак, Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков 17-январда УКМК тарабынан коррупцияга шектелип кармалган.