Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров "Эти Бакыр Терексай" тоо-кен ишканасынын башкы директору Вели Гёкдере менен жолугушту.
Ишкана жетекчиси билдиргендей, үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында Терек-Сай кениндеги алтын чыгаруучу фабрика ишке берилет. Жолугушууда кыргыз-түрк ишканасынын өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелери, анын ичинде экологиялык талаптардын жана социалдык милдеттенмелердин аткарылышы талкууланды. Кеңешменин жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмалар берилди.
Эскерте кетсек, кен Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай айылында жайгашкан. "Эти Бакыр Терексай" биргелешкен ишкана, капиталынын 25%ы - "Кыргыз алтын" иишканасына, 75%ы "Эти Бакыр" түрк компаниясына тиешелүү. Ишканада 800дөн ашуун кыргызстандык жаран эмгектенет.