Жаңылыктар
Жаңы салык кодекси ишке кирди
Кыргызстан жаңылыктары
Жаңы салык кодекси ишке кирди

Жаңы салык кодексине мамлекет башчысы кол койду. Бүгүндөн тарта 2009-жылы ишке кирген салык кодекси күчүн жоготту деп эсептелет. 

Жаңы кодекс салык системасынын туруктуулугун камсыздоого, ишкерликке ыңгайлуу жана жөнөкөй жолдор менен көмүскө экономиканы азайтууга жол ачат.

1-февралдан тарта өлкөдөгү тигүү тармагындагы өндүрүшчүлөр, мурдагыдай салыктын бир нече түрүн төлөбөйт. Жаңы салык кодексинин ишке кириши менен орто жана ири ишкана экенине карабай, атамекендик жеңил өнөр жай өндүрүшчүлөргө бир катар жеңилдиктер каралган. Кодекске ылайык жеңилдиктер мөөнөттүк негизде жана натыйжалуулугуна баа берүү менен белгиленет.

Жаңы салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөр ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого, өлкөдө чыгарылган продукцияны тышкы рынокко чыгаруунун натыйжалуу инструменттерин түзүүгө багытталат. Ошондой эле ак ниет бизнести коргоого жана экономиканы көмүскөдөн чыгарууну максат кылат.

Салык кодексиндеги жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, ишкерлер үч салыктын ордуна бир салык төлөйт. Ишкерликке ыңгайлуу жана жөнөкөй кылуу менен көмүскө экономиканы азайтуу каралган. Ошол эле учурда ыктыярдуу патент толугу менен жоюлат. Ордуна соода түйүндөрүндө көзөмөл-кассалык машиналар орнотулуп, бирок жылдык соода жүгүртүүсү 8 млн сомдон ашпаган ишкерлер салыктан бошотулат. Ушул тапта салык кызматы ишкерлерди каттоону улантууда.

Мындан сырткары турак жай куруучулар үчүн сатуу салыгынын көлөмү 4% дан 2%га чейин төмөндөдү. Кардиохирургиялык багыттагы жеке менчик медициналык мекемелер тарабынан көрсөтүлгөн кызматтарга пайда салыгы жана киреше нарк салыгы боюнча жеңилдиктер жокко чыгарылды. Буга кошумча импорттолуучу аффинаждалган стандарттык жана өлчөнгөн куймалар Улуттук банк тарабынан алынып келинген инвестициялык монеталар да киреше нарк салыгын төлөөдөн бошотулду.

Буга кошумча салык төлөөчү тарабынан салыктык милдеттенмелерди аткаруунун жеңилдетилген режимин колдонууну сунуштаган ченем киргизилди. Бул - салыктык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча эсептелген туумдун жана салыктык санкциялардын 50%ын төлөөдөн бошотуу дегенди билдирет.