Кыргызстанга жүк ташуучу вагондордун кезектеги партиясы келди. Аны "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы былтыр өзү иштеп тапкан кирешесине сатып алды.
Жыл жаңыраар алдында вагондордун биринчи партиясы келген. Жаңы команда ачык-айкындуулук принцибинин негизинде иштеп, стратегиялык өнүктүрүү планынын алкагында бир катар долбоорлорду ишке ашырууда.
Жаңы келген жарты вагондор Бишкек 1 станциясында. Биринчи партия менен өткөн жылдын декабрында келген вагондор ушул күндөрү каттамга киргизилди. Ар биринин техникалык көрсөткүчү 70 тонна же 88 куб жүктү ташыйт. Эми булар көмүр, катуу металлдарды ташууда пайдаланылат.
Кыргыз темир жолу мамлекеттик ишканасы былтыр тапкан кирешесине 30 жылдык тарыхында биринчи жолу 100 жүк ташуучу жарты вагондорду сатып алды. Ар биринин баасы 3 млн 800 миң рублдан. 100 жарты вагонду сатып алууга 380 млн рубль жумшалган. Февраль айында дагы 30 даанасы жеткирилет, жалпысынан ушул жылдын биринчи кварталына чейин 100 жарты вагон толук келет. Жүк ташуучу вагондорду алуу пландарын ишке ашыруу кыргыз темир жолунун кыймылдуу составын жаңыртууга жана чарбалык субъекттердин темир жол транспорту менен керектөөлөрүнүн өсүшүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет. 2021-2025-жылдарга чейин Стратегиялык өнүгүү планын ишке ашыруунун алкагында ишкананын жүк ташуучу паркына 800дон кем эмес вагон алуу пландаштырылган.
Мындан тышкары, кыргыз темир жолундагы транспорттук процесстердин коопсуздугун жогорулатуу үчүн ишкана мамлекеттик каражаттардын эсебинен 20 чакырым рельс сатып алып, учурда аны төшөө иштери жүрүүдө.
Кыргыз темир жолу ишканасынын 2021-жылдагы каржылык кирешеси 1 млрд 510 млн сомду түздү. Бул мурдагы жылга салыштырганда 397,9 млн сомго көп. Муну менен салык, соцфонд жана башка төлөмдөр да өстү.