Кеминдеги диагностикалык мобилдик көчмө клиника ишин жыйынтыктоодо. Эми ал башка аймактарга көчүрүлөт.
Ноябрдан бери кызмат көрсөткөн көчмө ооруканага Кемин, Ысык-Ата райондору менен Токмок шаарынын 10 миңдей жергиликтүү тургундары бекер көрүнүп, атайын дарылоо курстарынан өтүштү.
Таң эрте ооруканага келип кезек күткөндөр көп. Айрымдары саламаттыгын текшертүү үчүн башка райондордон келишкен.
Үч айга жакын аралыкта миңге жакын айымдар гинекологго, 1200дөйү окулистке, миңдей жаран невропатологго, дагы ушунча адам кардиологго, 900 адам хирургга кайрылган. Мындан сырткары лабораториялык анализдер алынып, УЗИ, компьютердик тамография, рентген, гастроскопия аппараттары, стоматолог, маммолог, оталаринголог дарыгерлерден көптөгөн жергиликтүү эл саламаттыгын текшерткенге мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Көчмө клиникада республика боюнча сынактын негизде тандалып алынган тажрыйбалуу дарыгерлер атайын келишимдин негизинде иштешет. Алар үчүн жатакана, тамак-аш, айлык маяна берилип, бардык шарттары түзүлгөн. Ар бир дарыгер күнүнө 30дан ашык жергиликтүү тургундарды текшерүүдөн өткөрөт.
Долбоор беш жылга эсептелип, дары-дармек, күйүүчү май, медициналык жабдуулар, операциялык бөлмөлөрдүн чыгымдары, анализдерге кеткен каражаттардын баары Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланат. Ошондой эле атайын эл ташыган кичи автобустар менен заманбап тез жардам унаасы да элди тейлөөдө кызмат көрсөтөт.