«Кумтөр» компаниясы тоолуу Нарын облусунун тургундары үчүн 650 тоннадан ашык көмүрдү бекер тартууда. Ишкана жалгызбой кары-картаңдардын, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн үйүнө чейин жеткирип берүүдө.
“Кумтөр Голд Компани” аялуу катмардагы мекендештерибизге ар дайым өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп келет. Компания кезектеги жардамын Кыргызстандагы климаттык шарты эң катаал Нарын облусуна жөнөттү.