Жалал-Абад шаарында эркине каршы кармалган жаран бошотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Жалал-Абад шаарынын батирлеринин биринде адамды өз эркине каршы мыйзамсыз кармоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө жаран бошотулду. Ал ири суммадагы карыздык милдеттенмелерин аткаруу максатында бир топ адамдар тарабынан мажбурлап кармалып турган.
Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жаран иш боюнча кылмышка шектүүлөр менен беттешүүдөн баш тарткан, ага байланыштуу мажбурлоонун жана бөгөт коюунун процессуалдык чараларын колдонуу мүмкүн болгон эмес. 17-январда кылмыш иши боюнча арыз ээлери жана алардын жактоочусу менен бирге тергөө органына келүү макулдашылган, бирок алар келбей, маалымат жыйынга катышуу менен чектелишти.
Ошол эле учурда арыз ээлери тергөө органга 18-январда кечинде гана келишкен. Алардын катышуусу менен бардык керектүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында 4 киши кармалып, Жалал-Абад шаардык ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилишти. Тергөө иштери уланууда.