Жаңылыктар
Эл жана турак жай фондун каттоо боюнча облустук комиссиянын кезектеги жыйыны өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Эл жана турак жай фондун каттоо боюнча облустук комиссиянын кезектеги жыйыны өттү

Баткен облусунун аймагында эл жана турак жай фондун каттоо боюнча облустук комиссиянын кезектеги жыйыны өттү. Анда быйыл эл жана турак жай фондун каттоо боюнча даярдыктардын жүрүшү талкууланды. 

Бүгүнкү күндө көчөлөрдү, турак үйлөрдү каттоо жүрүп, номерлер берилип, тактачаларды илинүүдө. Ошондой эле эл жана турак жай фондун каттоо үчүн атайын жооптуу кызматка жумушчулар тартылып, алар бөлмө жана керектүү жабдуулар менен камсыз болууда. Ошондой эле, жер-жерлерде массалык маалымат каражаттары аркылуу элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. 

Жыйындын жүрүшүндө өкүлдүн орун басарлары эл жана турак жай фондун каттоого өз убагында жана сапаттуу даярдык көрүү керектигин айтып, атайын теле-дебаттарды уюштуруу, жарнамаларды илүү боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.