Жаңылыктар
Арзыбек Кожошев Баткен облусун өнүктүрүү маселесин чагылдырган ЖМК өкүлдөрү менен жолугушту
Кыргызстан жаңылыктары
Арзыбек Кожошев Баткен облусун өнүктүрүү маселесин чагылдырган ЖМК өкүлдөрү менен жолугушту

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев активисттер жана Баткен облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү маселесин активдүү чагылдырган ЖМК өкүлдөрү менен жолугушту. 

Арзыбек Кожошев белгилегендей, облуска өзгөчө макамдын берилиши бизнести өнүктүрүүгө мүмкүндүк берип, жумуш орундарды көбөйтүп, аймакты өнүктүрүү үчүн шарт түзөт. Мыйзамга ылайык, облус аймагында атайы жеңилдетилген салык жана инвестициялык режим иштейт. Атап айтканда, ишкерлер салыктын айрым түрүнөн бошотулат. Активдүү талкуунун жүрүшүндө журналисттер жана активисттер өздөрүн кызыктырган бир катар суроолорго жооп алышып, келечекте облусту өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча сунуштарын айтышты. 

Баткен облусун өнүктүрүүдө жарандык коом жергиликтүү бийлик менен тыгыз кызматташууга даяр экендиги белгиленди. Жолугушуунун соңунда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары активисттерге жана Баткен облусун өнүктүрүү маселесин активдүү чагылдырган ЖМК өкүлдөрүнө ыраазычылык каттарды тапшырды.