Сузак районунун Комсомол айылындагы №19 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы имараты курула баштады. Бул тууралуу Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мекеме эки кабаттуу болуп, бардык заманбап шарттар менен камсыздалат. Ал Кувейт мамлекетинин "Абдулла Нури" коомдук бирикмеси жана "Ассанабил" кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланууда. Медициналык мекеменин имаратынын пайдубалына капсула салуу иш-чарасы өттү.
Ага Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, демөөрчүлөр жана айыл тургундары катышты. Сузак районунун Комсомол айылындагы №19 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жергиликтүү 11 миң 500гө жакын калкты медициналык жактан тейлейт.