Жаңылыктар
Бишкекте "Өнүгүүдө эмне иштейт" аталган Борбордук Азия форуму өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте "Өнүгүүдө эмне иштейт" аталган Борбордук Азия форуму өттү

Бишкекте "Өнүгүүдө эмне иштейт" аталышындагы Борбордук Азия форуму өттү. Иш-чарада өнөктөштөр өз билими жана тажрыйбалары менен бөлүшүп, аялдардын укуктарын коргоо боюнча талкуу болду. 

Ошондой эле, министрликтин, эл аралык жана жергиликтүү коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер жана активисттер гендердик теңчилик, социалдык биримдик, инсандын руханий баалуулуктары, коомдун жана мамлекеттин өнүгүүшү үчүн инсандык өнүгүүнүн негизги ролун ортого салып, анын чечүү жолдору талкууланды. Өлкөдөгү эпидкырдаалга байланыштуу айрым адистер онлайн форматында баяндама жасашты. 

Иш-чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, эл аралык уюмдардын биргелешкен демилгеси менен уюштурулду.

“Бүгүнкү биздин форумдун негизги максаты - жарандык коомду, эл аралык уюмдарды, активисттерди жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрүп чакырып коомчулуктагы маселени жыйында эркин түрдө талкуулоо. Тагыраагы ошол маселенин чечүү жолдорун издөө”,- деди БУУнун Кыргызстандагы аялдар уюмунун байланыш боюнча консультанты Айсулуу Кожомкулова.