Жаңылыктар
Бишкек шаардык мэриясынын түзүмү өзгөрдү
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаардык мэриясынын түзүмү өзгөрдү

Бишкек шаардык мэриясында өзгөрүүлөр болду. Ага калаа башчысы Айбек Жунушалиев кол койду. Токтомго ылайык, Муниципалдык менчикти башкаруу департаментин, Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментин жана Көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча шаардык инспекция түзүлдү. 

Бишкек шаарында муниципалдык менчикти башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, муниципалдык менчик башкармалыгын жана жер ресурстары башкармалыгы бириктирилди. Санитардык-экологиялык инспекция жана Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы Көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы болуп кайра түзүлдү. 

Шаардык транспорт башкармалыгы Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгы болду. Башкармалыкты түзүүнүн максаты - коомдук транспорттун сапатын жогорулатуу жана Бишкек шаарынын жол-транспорт инфраструктурасын реформалоо, жолдорду оңдоо жана көрктөндүрүү объекттерин бирдиктүү орган түзүү аркылуу бүткүл автотранспорт процессин натыйжалуу башкаруу жана жөнгө салуу.