Жаңылыктар
Кыргызстан курамасы көк бөрүдөн 15:3 эсебинде негизги атаандаштарын жеңди
Спорт
Кыргызстан курамасы көк бөрүдөн 15:3 эсебинде негизги атаандаштарын жеңди

II  Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын бүгүн акыркы күнү жыйынтыкталууда. Чолпон-Атадагы ат майданда бир нече ат оюндары ойнотулду. 

Ал эми, көк бөрүнүн финалдык беттешинде Кыргызстан курамасы негизги атаандашы болгон Казакстанды 15:3 эсебинде жеңүүгө жетишти. Жалпы эсеп менен  баш байге Кыргызстанга, 2-орун Казакстанга жана 3-орун Кытайлык курама командага тиешелүү болду.

Көк бөрү оюнунда Кыргызстандын курамасындагы Рустам Тыналиев жана Манас Ниязовдор өзгөчө шамдагайлык менен  бир нече жолудан улакты атаандаштарынын казанына таштоо менен өздөрүнүн артыкчылыктарын көргөзө алышты.

Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118