Жаңылыктар
Президент Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарына кайрылды
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарына кайрылды

Мамлекет башчы Садыр Жапаров фейсбуктагы баракчасы аркылуу Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарына кайрылды. Ал президентти, парламентти жана Министрлер кабинетин бир эле иш башкармалык тейлей турганын айтып, ар бирин өзүнчө бөлүү ашыкча чыгым экенин билдирди.

"7-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин урматтуу депутаттары, “Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгы Президенттин Иш башкармалыгы менен биригип калыптыр, кайра өзүнчө бөлүп алалы” деген пикирлериңиздерден кайтышыңыздарды өтүнөм.
Президентти, парламентти, министрлер кабинетин бир эле Иш башкармалык тейлейт. Баарына бирдей ийет. Себеби бул - мамлекеттик мекеме. Силерди тейлейм, ал эми силерди тейлебейм деген принцип болбойт. Эмне муктаждык болсо, билдирме берсеңиздер камсыз кылышат. Кылбайбы, арыз жазгыла. Жетекчилери дароо жооп беришет, керек болсо кызматтан кетишет. Өзүнчө бөлүп алганыңарда бюджеттен кошумча көп каражат кетет. Кошумча штаттар ачылат.
Элдин акчасын үнөмдөйлү. Өзүнчө бөлүп алсаңыздар эле бир башкача тейленип кетпейсиздер. Баарыбызды бир эле Иш башкармалык бирдей тейлеп жатат жана тейлей берет. Төшөгүбүзгө жараша бутубузду суналы. Элдин акчасын үнөмдөө үчүн баарын бириктирип, бир эле башкармалык тейлесин дедик"
,- деп билдирди президент Садыр Жапаров.