Алдыдагы парламенттик шайлоодо жана азыркы учурда жүрүп жаткан үгүт иштерине аралашкан мамлекеттик кызматкерлерге, анын ичинде жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө катаал чаралар көрүлөт. Шайлоо өнөктүгү учурундагы тиешелүү мамлекеттик мекемелердин милдеттери жана кызматкерлердин иш-аракеттерин тескеген жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду. Мындан ары мугалим, студент жана дарыгерлерди шайлоо процесстерине тартуу аракетине да мыйзам чегинде жоопкерчилик күчөтүлдү.ъ