Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан ата-энесинин кароосуз калган жашы жете элек 7 бала Россиядан Кыргызстанга кайтарылды.
Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, балдарды мекенине кайтаруу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин, Тышкы иштер министрлигинин көмөгү менен уюштурулган.
Белгиленгендей, министрлик кайтып келген балдарды, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктары менен бирдикте, биологиялык үй-бүлөлөрү менен бириктирүү боюнча иш алып барат. Эгерде баланы үй-бүлөсү менен бириктирүү мүмкүн болбосо, асырап алуу үчүн өткөрүп берүү маселеси каралат.