Жаңылыктар
Ак эмгектин үзүрү
Кыргызстан жаңылыктары
Ак эмгектин үзүрү

Баткен облусунун Баткен району. Ак-Татыр айылдык орто мектепте математика мугалими болуп эмгектенген Урумпаша Гайыпова бүт өмүрүн ушул кесипке арнады. 1976-жылы эмгек жолун баштаган каарманыбыз дээрлик жарым кылым убакытта 3 муунду окутуп тарбиялады. Урумпаша айым азыр да чарчап чаалыгып калдым деген жок. Күнүгө жаңы ыкмаларды ойлоп таап, балдардын сабакка болгон кызыгуусун арттырып турат. Элүү жылдык эмгеги бааланып, ал “КР эмгек сиңирген мугалими” ардак наамын алды.

Ондогон сыйлык ээлеринин арасынан Ош облусунун Араван районундагы Кичи-Алай айылынын тургуну Кубанычбек Жусупов “Эрдик” медалы менен сыйланды. Адатта бул наам адам өмүрүн же коомдук тартипти сактоодо кайратмандык көрсөткөн жарандар үчүн берилет. Кубанычбек мырза ушул жылдын июнь айында кырсыктаган учактын жүргүчүлөрүнө, өз өмүрүнө коркунуч келгинени карабай алгачкы жардамды көрсөткөн.

Ал эми келечектеги олимпиада чемпиондорун даярдоого салым кошуп жаткан дагы бир сыйлык ээси Талас облусунун Талас районундагы балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин жеңил атлетика боюнча машыктыруучусу Керимбек Өмүралиев. Ал Кыргыз Республикасынын ардак грамотасына ээ болду. Керимбек агай машыктыруучулук кесиптин сырлары жана артыкчылыгы тууралуу ой бөлүштү.

Адам өмүрүнө кам көргөн кийинки карманыбыз ден соолук сакчысы Нурийла Сакеева. 1974-жылы борбордогу медициналык институтту бүтүрүп келген мед айым, жарым кылымга жакын убакын мына ушул жерде эмгек өтөдү. Дарыгерлик кесип менен жашаган Нурийла айым КР эмгек сиңирген врачы деген ардак наамга татыды.


Сыйлыкка ээ болгон дарыгерлердин басымдуу бөлүгү 30-40 жылдап бул тармакта эмгектенгендер. Кеч болсо да эмгектери бааланып, мамлекет тарабынан көңүл бурулуп жатканынан ыраазы болгондор арбын. Бул жолу Ак-Суу районунун үй-бүлөлүк медицина борборунун медайымы Райкан Жумабаева КРнын Ардак грамотасын алды.

Бир өмүрдү толук бир кесипке арноо маданият кызматкерлерине да мүнөздүү нерсе. Актриса Бермет Өмүрова 40 жылдан ашуун бери эмгектенип келе жатат. Бул убакыт ичинде жүздөгөн спектаклдер көрүүчүлөргө тартууланып, канча деген шакирттерди тарбиялап чыкты. 30 жылдык эмгеги бааланып, жогорку мамлекеттик сыйлыкка татыды. “Кыргыз эл артисти” наамын күн президенттин колунан алды.

Башка дагы ондогон тармактардын өкүлдөрүнүн кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктер мактоого татыйт. Бул инсандар катардагы мамлекеттик кызматтарда, айыл чарба, жол тармагында, спорт, укук, жеке ишкерликте талбай иштеп, таман акы, маңдай тер менен ак кызмат кылып келе жаткандар. Өз кесибинин мыктысы болгон жалпы 300дөн ашуун жаран мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты.

Жогорку мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи быйыл эгемендиктин 30 жылдыгына туш келип отурат. Мындан сырткары эки жылдан ашык созулгани пандемия, ага кошумча, өлкөдөгү оор саясий окуялардан кийин, өз кесибинин мыктыларынын эмгегин баалоо маанилүү иш-чаралардын бири. Бул жолу Кыргыз Эл баатыры жогорку наамы чыгаан мамлекеттик ишмерлер, каза болгондон кийин Жусуп Абдрахманов жана Акматбек Сүйүмбаевге ыйгарылды. Жусуп Абдрахманов кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жаңы доордун шартында түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө кошкон салымы опол тоодой. Ал эми Союз маалында Кыргыз ССРнин Министрлер кеңешинин төрагалыгына чейин жеткен Акматбек Сүйүмбаевдин эмгеги да бул жолу жогорку деңгээлде бааланып отурат.


Мындан сырткары 100дөн ашык маданият тармагынын кызматкерлери Президенттин колунан жогорку мамлекеттик сыйлыктарды алышты. Өлкө башчсы өз сөзүндө улуттук маданиятты өнүктүрмөйүн, элдин аң сезимин, жашоо деңгээлин да жогору көтөрүү мүмкүн эмес экенин белгиледи. Айтымында, кийинки кадам, бардык өнөр ээлерине терең изденүү менен татыктуу чыгарма жаратышына шарт түзүп берүү болмокчу.

Президент ишке киришкен биринчи күнүнөн тарта улуттук маданиятты өнүктүрүү мамлекет үчүн артыкчылыктуу багыт болорун белгилеп келет. Пандемия жана башка кыйынчылыктарга карабай, быйыл маданият кызматкерлеринин айлык маянасы 50 пайызга көтөрүлдү. Бул алдыга коюлган тапшырма милдетти ишке ашыруунун биринчи эле кадамы.


Президент Садыр Жапаров сыйлык ээлерин дагы бир жолу куттуктап, мамлекеттик жогорку даражадагы наамдардын ыйгарылышы эмгекти баалоо менен катар аларга дем болуп, ал эми кийинки муун үчүн Мекенге ак кызмат кылуунун мыкты өрнөгү болсун деп белгиледи. Сыйлыкка татыган ар бир жаран өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык дараметин өнүктүрүүгө, илим-билим тармагына олуттуу салым кошкон, кесиптик ишиндеги зор жетишкендиктери менен айырмаландар.