Жарандык активист Нарис Калчаев Кумтөр кени иштетилип баштагандан тартып эле, акыйкат иш журсо деген пикирин айтып келет. Анын запкысын жеп,ур-тепкиге алынып, 4 жыл түрмөдө да күн кечирип, соттон да акталып чыкты. Жаштайынан өлкө келечегине күйүп келген активист, азыр да дал ошол көз карашынан кайткан жок.
Союз кулаганы Кыргызстандын энчисинде, изилденип бирок иштетиле элек “Кумтөр” кени калган. Жаңыдан телчигип келе жаткан мамлекет үчүн албетте “Кумтөрдү” инвестиция тартып иштетиш керек болгон. Ошол мезгилде “Кумтөр” алтын кенине тендер жарыяланып, мындай чоң маанилүү зор пайда тушүрө турган обьект далайлардын көзүн кызарткан.
Ошентип “Кумтөрдү” канадалыктар иштете баштайт. Негизинен бул алтын кен кыргыз экономикасы үчүн тумар болуп, башка кичи кендерге жол баштап бере турган локомотив боло турган жөнү бар болчу. Бирок, ошол кездеги кыргыз бийлиги ушул алтын кенине көз артышып, өздөрүнүн капчыктарын кампайтыш үчүн, ар кандай келишимдерди түзүп, мунун айынан алтын кенде 30 жылдан бери жалаң гана коррупциялык аракеттерге жол берилип келген.
Башкы келишимге ылайык, кендеги үлүштөр төмөндөгүчө бөлүштүрүлгөн: 66,7 % Кыргызстанга - калганы “Камекого”. Ошол эле учурда башындагы талаптарга ылайык, Канада тарап 10 жылдан кийин көзөмөлдү толугу менен Кыргызстанга өткөрүп берип, “Кумтөр” долбоорун аякташы керек болчу. Андан ары кандай болгону баарыбызга белгилүү. “Кумтөр” долбоору боюнча келишим 2003-2009-жылдары бир нече жолу өзгөртүлгөн. Бирок Кыргызстандын пайдасына эмес. Адаттагыдай эле бул аткаминерлердин жасаган иши. Натыйжада Кыргызстан экономикалык жактан пайда тапкан жок. Тескерисинче канадалыктар биздин алтынды сатуу менен эбегейсиз киреше тапты.
Кумтөр кен ишканасы ушул тапта пландуу режимде иштеп жатат. Компания тарабынан салыктар төлөнүп, бюджетке башка чегерүүлөр боюнча бардык милдеттенмелер аткарылууда. Ал эми “Центерранын” топ менеджерлери кандай жол менен болсо да кендин ишин токтотуп, өздөрүнө ылайыктуу келишимге кол коюуга кыргыз бийлигин көндүрөбүз деп ойлошкон. 2021-жылдын июнь айынан баштап, алар баардык ири, өзгөчө чет элдик товар жана кызмат көрсөтүүлөргө катары менен каттарды жиберип, кызматташууну бир тараптуу токтотконун эскертишкен.
Ошентип “Кыргызстан кенди өз алдынча иштете албайт, алтын өндүрүлбөй кыргыз экономикасы кыйрайт,”-деген “Центерранын” тилеги таш капты. Кумтөрдүн убактылуу сырткы башкаруучусу Теңиз Бөлтүрүктүн жетекчилиги менен Кумтөр кадимки штаттык режимде иштеп, мамлекет алдындагы жана кызматкерлер алдында дагы баардык милдеттерин толугу менен аткарууда.
Чындыгында Кумтөр боюнча келишимди мамлекеттин пайдасына кайра карап чыгуу боюнча азыркы бийликтин кадамында элдин колдоосу башкы ролду ойноду. Саясат таануучу Алмазбек Акматалиев белгилегендей, бул жаатта президенттин, соттун, парламенттин жана эң башкысы элдин позицияларынын дал келиши. Андыктан эл аралык аренада көтөрүлүп жаткан маселеде, кыргыз тараптын эл аралык арбитражды утуп алуу мүмкүнчүлүгү чоң.
Апта аралыгында Кумтөр” алтын кенинин айланасындагы маселелерди иликтеген мамлекеттик комиссиянын иш мөөнөтү дагы 3 айга узартылды. Анткени Кумтөр кени менен канадалык компаниянын тиреши көпкө созулчудай болуп калды. Нью-Йоркто 15-сентябрда өткөн сотто канадалык компаниянын кыргыз өкмөтүнө Кумтөр кени боюнча санкция салуу өтүнүчү жактырылган жок. Бирок кийинки процесстер октябрь айына белгиленген. Кийин Нью-Йорк соту Кыргызстанга санкция салуу чечимин кабыл алса, абал кандай болот деген кооптонуулар да бар.
Нью-Йорк сотунун кийинки отуруму октябрь айына белгиленди. Эми кеп Кумтөр боюнча кийинки сотторго мыктылап даярданууда калды. Ал үчүн тез арада өзүбүздүн тоо-кен тармагындагы адистерди тажрыйба алууга чет өлкөлөргө жиберип, эл аралык деңгээлде иш алып барууга үйрөтүү зарылдыгы турат. Ошол эле учурда сырттан башкарууга алынган “Кумтөр” кениндеги азыркы иштер дагы ачык-айкын жана таза жүргүзүлүшү шарт.
Кумтөрдү улутташтыруу негизги саясий тренддердин бирине айланганы таң калаарлык деле эмес. Бул маселе ар бир мамлекеттик төңкөрүштөн кийин көтөрүлчү. Бирок азыркы бийликтин тушунда гана өкмөт кескин кадамдарга барып, кенди көзөмөлгө алып, өз алдынча иштете баштады. Анткен менен бул ушуну менен токтоп калчудай эмес. Кыргызстан көп нерсени тобокелге салган жаңы окуя башталды.
Ал эми убактылуу тышкы башкаруу киргизилгенден бери бир да күн токтобой иштеп жаткан алтын кенде товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуудагы ачык, айкындуулукка өзгөчө көңүл бурулууда. Компаниядагы мурдагы келишимдер дагы тыкыр текшерүүгө алынып, коррупциялык схемалар жок кылынууда. Эң негизгиси учурда кендин ишмердүүлүгү үчүн керектүү болгон бардык материалдардын, кошумча бөлүктөрдүн жана күйүүчү майдын запасы жетиштүү.