Жаңылыктар
Президенттин БУУнун 76-сессиясындагы кайрылуусу
Кыргызстан жаңылыктары
Президенттин БУУнун 76-сессиясындагы кайрылуусу

БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясы эл аралык орчундуу маселелерди ортого салууга шарт түздү. Былтыр пандемия дүйнө лидерлеринин жыйынга чогулуусуна жол бербей, онлайн форматта уюштурулган. Быйыл Президенттердин Нью-Йоркко баруусуна уруксат берилип, жыйынга 100дөн ашуун лидер жеринде катышты. Калгандары видео кайрылуу жолдошту.


Президент Садыр Жапаров дагы мамлекет башчы катары биринчи жолу дүйнө коомчулугунун алдында видео кайрылуу жасады. Президент алгач Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына токтолуп, эркиндикти сүйгөн кыргыз эли демократиялык жолдон кайтпай турганын белгиледи. Мамлекет башчынын бул билдирүүсү эл аралык коомчулукта бийлик алмашкандан бери айтылып жаткан түрдүү пикирлерге чекит койду - дешет саясат талдоочулар.

Садыр Жапаров Кыргызстан уюмга мүчө болгон 29 жыл ичинде БУУнун Уставындагы максаттар менен принциптерди толук карманганын дагы кошумчалады. Өлкө ар дайым жалпы адамзаттын көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган эл аралык аракеттерге өз салымын кошууга кызыкдар жана дайыма даяр.


Ошондой эле Президент коопсуздук маселесине дагы токтолуп, Афганстандагы акыркы кырдаалга дагы тынчсыздануусун билдирди. Афганстандан БУУнун мекемелерин эвакуациялоо жүрүп жатканын эске алып, аларды Бишкекке убактылуу жайгаштырууну сунуштады.

Коопсуздук бүгүнкү күндөгү актуалдуу маселелердин бири. Муну башкаларга караганда Кыргызстан жакшыраак билет. Себеби, Афганстанда биздин этникалык мекендештер бар.

Бул жолку сессияда Афганстандагы кырдаалдан улам коопсуздук маселесинен сырткары негизги басым климаттын өзгөрүшүнө, коронавирус пандемиясына жасалды. СOVID-19 адамзат үчүн олуттуу кыйынчылыкка айланып, көптөгөн курмандыктарга алып келди. Ааламды каптаган оору дүйнөлүк экономиканын төмөндөшүнө жеткирди.

Пандемия дүйнө жүзүн өзгөрттү. Анын ичинде Кыргызстандын дагы туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууга жолтоо болду. Президент өлкө пандемия менен күрөшүү жана тышкы карызды төлөө үчүн Туруктуу өнүктүрүү максаттардагы программалар аркылуу багытталган каражаттарды башка жакка бурууга мажбур экенин белгиледи.


Бул долбоорлор биринчи кезекте уникалдуу тоо экосистемасынын бүтүндүгүн, анын биологиялык ар түрдүүлүгүн жана климаттын өзгөрүшүнүн натыйжасында тездик менен талкаланып жаткан мөңгүлөрдү сактоого багытталган. Президент тилекке каршы абийирсиз инвесторлор элдин ишенимин кыянаттык менен пайдаланып, экологияга олуттуу зыян келтирген учурлар бар экенине токтолду. Улуттук мыйзамдарга ылайык, кыргыз бийлиги мындай мыйзамсыз иштерге бөгөт коюуда.

Кыргызстандагы кылым карыткан мөңгүлөр, дарыялар жана тоо экосистемасынын биоартүрдүүлүгү да жоголуу коркунучунда турат. Кыргызстан суу ресурстарын сактоодо өтө маанилүү роль ойногон тоолуу токой аймактарын коргоого, көбөйтүүгө чоң маани берет.

Кыргызстан өз аймагында энергетикалык коопсуздукту камсыздоо максатында ГЭСтерди куруу боюнча бир катар долбоорлорду акырындык менен жүзөгө ашырууга ниеттенүүдө. Буга байланыштуу Президент Париж келишиминин духунда өз ара пайдалуу кызматташууга инвесторлорду чакырып өттү. Ошондой эле Садыр Жапаров климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу, анын алдын алууга колдоо көрсөтүү үчүн БУУнун алкагында атайын глобалдык фонд түзүүнүн учуру келгенине токтолду. Саясат талдоочулар Президенттин кайрылуусу мазмундуу, маңыздуу болгонун белгилеп жатышат.