Эл өкүлүнүн 360 тонна алтын концентраты “Достук” өткөрмө бекети аркылуу ташылып кетти деп айткан маалыматы чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу кабарлаган кызматынын маалыматында, кеп "Гик Кайди" ЖЧК флотациялык концентраты бар жүк машиналары жөнүндө болуп жатат. 2020-жылы аталган компаниянын лицензиясы электрондук эмес, кол менен жазылып калгандыктан бизде шек жаралган. Андан кийин жагдайды териштирүү үчүн бардык документтер укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.
Кийинчерээк компания экономикалык жана каржылык кемчиликтердин баардыгын жойгондуктан, жаңы лицензиянын негизинде 26-августта жүк чыгарылган. Алгач "Эркечтамдан” Кытайдагы катуу карантиндик чектөөлөрдөн улам өтө албай “Достуктан” вагонго жүктөп, Өзбекстан аркылуу Кытайга алып кеткен. Экономика министрлиги уруксат берүүчү документтер текшерилип жатканын кошумчалады.
Айта кетсек, аталган компания Кыргызстандын аймагында 5 жылдан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. "Гик Кайди" ЖЧКсыртка концентрат чыгарууга уруксаты кагазы 2016-жылы 24 мартта өкмөттүн атайын токтому менен берилген. Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына ылайык, баасы 555 миң 441 миң долларга бааланган 364 тонна чийки зат “Гик Кайди” компаниясына таандык болгон. Аталган компания Чоң-Алайдагы Кара-Казык кенинде иш кылары белгилүү.