Кыргызстан Түркияны негизги өнөктөш катары карайт. Эки өлкө экономикадан тартып, бардык тармактарда кызматташууну дагы арттырууга кызыкдар. Расмий Анкара Кыргызстандын эгемендүүлүгүн эң алгачкылардан болуп тааныган. Андан бери боордош мамлекет кыйла көмөк көрсөттү.
Кыргызстан менен Түркияны тилдик жана диний жакындык, боордоштук байланыштырып турат. Эки тараптуу да, эл аралык уюмдардын алкагындагы да кызматташуу жолго коюлган. Билим берүү тармагына токтоло турган болсок, атайын программанын алкагында Түркиядагы жогорку окуу жайларда билим алууга Кыргызстан үчүн жыл сайын 750 орун бөлүнөт. Ошондой эле Кыргыз-түрк “Манас” университети натыйжалуу алака ишке ашып жатканынын үлгүсү.