Президент Садыр Жапаров бүгүн, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына жана IV Евразия экономикалык форумуна катышуу үчүн иш сапары менен Минск шаарына барды.
Мамлекет башчысынын учагы Минск шаарынын улуттук аэропортуна конду.
Президент Садыр Жапаровду Беларусь Республикасынын Премьер-министринин орун басары Виктор Каранкевич жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Аэропорттун флагштокторуна Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуучу мамлекеттердин туулары илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилген.