Бишкек ШИИББнин Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкери пара талап кылуу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.
Колго түшкөн кызматкер таанышы менен тымызын сүйлөшүп алып, Бишкектин тургунунан 100 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган. Аны зордуктоо фактысы боюнча кылмыш жоопкерчилигине тарта турганын айтып коркуткан. Бирок укук коргоо органдарында бул тургунга карата зордуктоо же башка укук бузуу фактылары катталган эмес. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.