Жаңылыктар
Өлкөдө август айына карата электр энергиясын керектөө өткөн жылга салыштырганда өстү
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдө август айына карата электр энергиясын керектөө өткөн жылга салыштырганда өстү

Кыргызстанда электр энергиясынын керектөөсү 2021-жылдын август айында 959 млн 540 миң кВт.с. түздү.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун Борбордук диспетчердик кызматынын ыкчам маалыматына ылайык, 2021-жылдын август айында өлкөнүн энергетика тутумунда электр энергиясынын керектөөсү 959 млн 540 миң кВт.с. түздү. 2020-жылдын ошол эле мезгилинде бул көрсөткүч 849 млн 493 миң кВт.с. түзгөн.