Мамкурулуш менен, лицензиялоо субьекттеринин курулуш ишинин тиешелүү түрлөрү менен алектенүү мүмкүнчүлүгүнө экспертиза жүргүзүү максатында жана иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө Жобонун талаптарына ылайык лицензиаттар менен арыз берүүнү жөнөкөйлөтүү тууралуу буйрук чыгарылды.
Буйрукка ылайык агенттиктин шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык башкармалыктарына региондордо лицензиялоого карата арыздарды кабыл алуу боюнча милдеттер жүктөлгөн. Эми бардык компаниялар жана жеке ишкерлер Мамкурулуштун борборлоштурулган “Бирдиктүү терезесине” келбестен, ведомствонун контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча башкармалыгына жана регионалдык архитектура башкармалыгына документтерди тапшыра алат.
Ошондой эле, жаңы буйрук боюнча лицензия алуу үчүн документтерди кабыл алуучу эксперттер шаар куруу, долбоордук-изилдөө жана курулуш – монтаждоо иштерин аткарууга карата эксперттик корутундуну берүү менен лицензиялоо субъектинин жерине баруу менен берилген маалыматтардын аныктыгына экспертиза жүргүзө тургандыгын белгилеп кетүү керек.