Күн сайын «119» чалуу борборуна 1500гө жакын адам паспорт алуу, жарандык абалды актыларын каттоо, транспортту каттоо жана башка Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кызматтары боюнча кайрылышат. 2021-жылдын биринчи жарымында 200 миңге жакын жаран кеңеш алган. 100 арыз түшкөн, анын 90% каралып, тиешелүү чаралар көрүлгөн.
"119" чалуу борборунда ар бир жаран Калкты тейлөө борборлорунун иштеши, паспорттору, ЖААК, чет өлкөлүк жарандардын каттоосу, айдоочулук күбөлүгү, транспорт каражаттарын каттоо, шайлоочулардын тизмесинде тактоо, унаанын мамлекеттик номерлеринин өзгөчө комбинацияларынын онлайн-аукциону, электрондук санарип колтамгасын алуу жана башка суроолор боюнча кеңеш ала алат. Бул жарандарга КТБго келээрден мурун керектүү маалыматты алууга мүмкүнчүлүк берет.
Колл-центр чалуулардын санын жана сапатын электрондук жаздыруу үчүн заманбап жабдуулар жана программалык камсыздоо менен жабдылган.
Кызыктуу статистика:
- "119" чалуу борборуна кайрылган аялдар жана эркектердин саны теңме-тең;
- Чалуулар саат 10:00дөн 13:00гө чейин көп байкалат;
- бир кеңеш берүүнүн орточо убактысы - 4 мүнөт;
- орточо күтүү убактысы - 1 мүнөт.
Чалуу борбору түзүлгөндөн бери 1,5 миллионго жакын консультация берилген. Чалуулардын рекорддук саны 2020-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо күнү келип түшкөн. Ал күнү 60ка жакын оператор иштеген жана жарандардан 15 000ден ашуун чалуу түшкөн.
Эскерте кетсек, "119" колл-центрге чалуу Кыргызстандын бардык байланыш операторлору үчүн акысыз. Убактыңызды текке кетирбөө үчүн Калкты тейлөө борборуна кайрылуудан мурун "119" номуруна чалып, документтердин тизмесин тактоону, каттоону, паспорттун даярдыгын жана иш графигин текшерүүнү сунуштайбыз.