Жол куруу үчүн аймакты бошотуп, тоскол болгон объектилерди демонтаждоо иштери уланууда. Матросов көчөсүнөн жолдун оңдоп куруу иштерине тоскол болгон узундугу 21 метр тосмо алынды. Жукеев-Пудовкин көчөсүндө тосмо, Тимура Фрунзе көчөсүндө капиталдык тосмо жана темир дарбаза алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын сайтына жарыяланды.
Орозбеков көчөсүндө чатырча алынып, өз ыктыяры менен Жайыл Баатыр көчөсүндө эки капиталдык курулуштагы тосмо жана короо, Панфилов көчөсүндөгү тосмо жана Түгөлбай-Ата көчөсүндөгү күркө демонтаждалганы айтылат.
Ар бир бузулган объект шаардыктардын кызыкчылыгы үчүн! Бошотулган муниципалдык аймак эртең жаңы кооз сквер же тротурага айланат.