Жол чийиндерин түшүрүүнүн жаӊы технологиялары “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы тарабынан сыноодон өтүүдө.
“Курулуш техникасы жана материалдары” компаниясынын өкүлдөрү менен биргеликте “Шмелёк” жол чийиндерин чийүүчү машинасын колдонулду. Орозбеков жана Васильев көчөлөрүнүн кесилишинде жөө адамдар өтүүчү өтмөктүн чийини чийилди. Ишкананын жол мастерлери машинаны башкарууга аракет кылып, анын көрсөтмөсү менен таанышышкан.
Бул техниканын башкы артыкчылыгы болуп тайма чийиндер саналат. Бардык факторлор эске алынып, азыр ишкана тарабынан салыштырма анализ жүргүзүлүүдө. Учурда ишкана муздак пластикти кол менен, ал эми жол красканы жана ысык пластикти машина менен чийүүдө.
Эске салсак, “Шмелёк ХП” машинасы Беларусь Республикасында өндүрүлөт жана муздак пластик менен гана иштейт. Анын баасы 600 миӊ сомду түзөт.