Жаңылыктар
Шаардыктар Ю. Фучик паркынын абалын жакшыртуу боюнча акимге кайрылышты
Кыргызстан жаңылыктары
Шаардыктар Ю. Фучик паркынын абалын жакшыртуу боюнча акимге кайрылышты

Шаардыктар Ю.Фучик паркынын абалын жакшыртуу, жолбун иттерди кармоо, стерилизациялоо жана эмдөө боюнча "Тайган" долбоорун ишке ашырууга колдоо көрсөтүү, ошондой эле райондун жашоосуна байланышкан башка суроолор боюнча Бишкек шаарынын Ленин районунун башчысы Мурат Осмоновго кайрылышты.

Тиешелүү кызматтардын жетекчилерине жана муниципалдык администрациянын жооптуу кызматкерлерине шаар тургундарынан келген бардык кайрылууларды Кыргызстандын мыйзамдарынын чегинде тез арада чечүү тапшырылды.