Жаңылыктар
Жогорку аскердик наамдарын ыйгаруу жөнүндө Жарлыктарга кол коюлду
Кыргызстан жаңылыктары
Жогорку аскердик наамдарын ыйгаруу жөнүндө Жарлыктарга кол коюлду

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 10-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык жогорку аскердик наамдарын ыйгаруу жөнүндө Жарлыктарга кол койду.

Жарлыктарга ылайык:

- Иманкулов Марат Мукановичке генерал-лейтенант наамы берилди;

- Омуралиев Таалайбек Барыктабасовичке - генерал-лейтенант наамы берилди;

- Бекболотов Бакытбек Асанкалиевичке - генерал-майор наамы берилди;

- Шаршеев Уларбек Зарлыковичке - генерал-майор наамы берилди.