Жаңылыктар
Пакистандыктардан кооптонууга негиз жок
Кыргызстан жаңылыктары
Пакистандыктардан кооптонууга негиз жок

Кыргызстанга келип жаткан Пакистандын жарандары толугу менен тиешелүү органдардын көзөмөлүндө. Буга чейин Тышкы иштер министрлиги Индия, Пакистан баштаган өлкөлөрдүн жарандары Сауд Арабия королдугуна жана Бириккен Араб Эмирлигине кетүү үчүн Кыргызстанды транзит өлкө катары пайдаланып жатканын билдирген. Укук коргоо органдары дүрбөлөңгө түшүүнүн кажети жок экенин, ар бир чет элдик жарандын документтери текшерилип, өлкөгө кирген чет мамлекеттин жарандары өз мөөнөтүндө кайра чыгып кетип жатканын белгилешет.

Бул Ысык-Көл районунун Бостери айылында тартылган видео. Жергиликтүү тургундар акыркы убакта Түштүк Азия мамлекеттеринен келген жарандардын көбөйгөнүн байкап, алардын өлкөдө жүрүү максаты тууралуу суроо салышкан. Ички иштер министрлиги Пакистан, Индия мамлекеттеринин жарандары пандемияга байланыштуу Кыргызстанга көп кире баштаганын такташты. Алар буга чейин Сауд Арабия Королдугу менен Бириккен Араб Эмирлигине жумушка барып турчу. Учурда ал жакка түз каттамдар жабык болгондуктан Кыргызстан аркылуу учуп жатышат. 

Туристтик виза алган чет элдик жарандар Кыргызстанда бир ай убакыт боло алышат. Андыктан айрымдары көл кылаасын көрө кетүүнү каалашат. Бирок, алардын ар бир кыймыл аракети тиешелүү органдардын көзөмөлүндө. Аймактарда чет элдиктерди милиция да тыкыр көзөмөлдөп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Адистердин айтымында, тескерисинче виза, аэропорт, такси, жатакана, колго барса жол кире жана башка чыгымдары болуп, ар бир туристтен миң доллардан ашык акча Кыргызстанда калат. Акыркы эки айда 7,5 миңден ашык адам өлкөгө кирген болсо, алардын 4 миңге жакыны азыркы тапта башка мамлекеттерге кайра чыгып кетишкен. Андыктан алардын Кыргызстан аркылуу башка өлкөлөргө учуп жаткандыгы боюнча кооптонууга негиз жок. Тескерисинче аздыр -көптүр киреше алып келүүдө дейт адистер. 

Ар бир кирген жарандын ПЦР анализи текшерилип, вакцина алгандыгы тууралуу тастыктама талап кылынат. 

Өлкөдө чет элдик жарандардын жүргөндүгү боюнча жергиликтүү жамаатардын, дин өкүлдөрүнүн жаштар комитеттеринин жана жарандык активисттердин, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жолугушуулар, тегерек столдор, кеңешмелер өткөрүлдү. Ошондой эле ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы даярдаган 5000 ге жакын усулдук буклеттер, эскертмелер таратылды. кеңешмелер өткөрүлдү. Ошондой эле ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы даярдаган 5000 ге жакын усулдук буклеттер, эскертмелер таратылды.