Жаңылыктар
Турукташтыруу фонду түзүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Турукташтыруу фонду түзүлдү

Бюджетте иштеген кызматкерлердин айлык акысы, пенсияга жана жөлөк пулдарга төлөнчү каражаттардын кепилдиги катары Кыргызстанда турукташтыруу фонду түзүлдү. Мындай жарлыкка өткөң аптада президент Садыр Жапаров кол койгон. Анда чогулуп топтолгон каражат кайсы бир учурда, мамлекеттик бюджетте кандайдыр бир кыйынчылык жагдай жаралып кала турган болсо социалдык жактан кепилденген төлөмдөргө доо кетпей, туруктуу сакталып турсун деген ой менен жасалды.

Турукташтыруу фондун түзүу демилгеси бир топ жылдан бери көтөрүлүп келе жаткан маселе. Президенттин тапшырмасы боюнча мындай фонддо 17 миллиард сомдон кем эмес акча топтолуп, бюджетте иштеген кызматкерлердин айлыгын, пенсия менен жөлөк пулга төлөнчү каражаттарды кем дегенде эки ай бою жапканга жаткендей болушу керек.

Мындай турукташтыруу фонддорун дүйнөнүн бир топ мамлекеттери түзгөн. Шериктеш өлкөлөр арасында Россияда, Казакстан менен Өзбекстанда түзүлүп иштеп жатат. 

Мамлекеттик мүлктөрдү менчиктештирүүдөн, алтын кендеринен түшкөн кирешеден, эгерде бюджеттин киреше булагынын аткарылышы ийгиликтүү болуп калса, ашыкча каражат болсо ал дагы фондга киреше катары кирет. Андан тышкары фонд өзү дагы аракет кылып изденип, баалуу кагаздар рыногуна аралашып же финансы операцияларын жүргүзүп кошумча киреше булактарын тапса болот. 

Бир сөз менен айтканда мындай туруктуу иштеп бере турган фондду түзүү учурдун талабы болуп турат. Эгерде өкмөт муну жакшы жолго коюп иштетип кетсе бүтүндөй мамлекеттин эң чоң утушу болот.