1-октябрдан тартып пенсиялардын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүнө индексациялоо жүргүзүлөт. Ага ылайык, быйыл пенсиянын базалык бөлүгү 10 пайызга, ал эми камсыздандыруу бөлүгүнө болжол менен 500 сомдой кошулат. Социалдык фонд жогорулатылган көлөмдөгү пенсияны төлөп берүү үчүн каржы булактары табылып, такталганын билдирди.
Өмүр бою өндүрүш тармагында иштеген Алымбек Мойноков алты жыл мурун пенсияга чыккан. Азыр анын пенсиясы 7 миң сом. Колго тийген акчасын тамак аш жана дары дармек сатып алууга жумшайт. Октябрь айынан тартып пенсиялардын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрү индексациялоо болоорун уккан Алымбек аксакал пенсиянын көбөйүп жатканына кубанып турат.
Өлкө башчысы кол койгон жарлыкка ылайык, пенсиянын базалык бөлүгүн 2020-жылдагы орточо эмгек акынын өсүшүнө 110%га индексациялоо сунушталууда. Ага ылайык, пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоонун жыйынтыгы менен жалпы пенсиянын орточо көлөмү 6 248 сомду түзөт, бул пенсиянын орточо көлөмүнөн 8%га жогору же 455 сомду түзөт.
Пенсиянын базалык бөлүгүн индексациялоого октябрдан баштап республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен 154,3 млн. сом керектелет. Ал эми камсыздандыруу бөлүктөрүн жогорулатууга чыгымдар Социалдык фонддун бюджетинде каралган. Пенсиялык фонддун каражаттарынын эсебинен 830,6 млн. сом керектелет. Экономика министрлиги бардык зарыл болгон каражаттардын булактары аныкталганын билдирди.