Акимдерди ротациялоонун алгачкы жыйынтыктары байкалууда. Мамлекеттик кадр кызматы аймактарга барган жетекчилер өздөрүнүн мыкты тажрыйбаларын көрсөтүп жатышканын билдирди.
Нуралы Курмантаев учурдагы кызматында иштеп жатканына туура 100 күн болду. Буга чейин үч райондо жетекчилик кызматтарды аркалаган. Ысык-Ата районуна акимдерди ротациялоонун натыйжасында которулуп келген. Ал жергиликтүү элге бардык социалдык мекемелердин курулуш иштери келээрки жылдын соңуна чейин аяктоого убада берип жатат.
Жер-жерлердеги көйгөйлөрдү жеринде чечүү үчүн аймактардагы жетекчилердин ыйгарым укуктары кеңейтилип жатат. Буга чейинки атайын сурамжылоолор эл мамлекеттик органдардын ичинен жергиликтүү бийликке көбүрөөк ишеним артаары аныкталган. Жаңы дайындалган аким да көйгөйлөрдү чечсе деп күтүшөт.
Акимдерди ротациялоо май айынын соңунда ишке ашырылган. Бул жергиликтүү жетекчилерди туугандык байланыштардан алыстатып, коррупцияны жою максатында аткарылган. Ошондой эле акимдер өзү туулуп өскөн райондо колдонгон мыкты тажрыйбасын башка аймактарда да пайдалансын деген кадрдык саясатка негизделген.
Акимдер ротациялоодон мурда атайын аттестациядан өтүшкөн. Сынакты мыкты тапшырган жетекчилер гана алыскы аймактарга жөнөтүлүп, өтпөй калгандардын ордун болсо кадрдык резервдеги адистер толуктаган.