Жалал-Абад облусунун Сузак районунда дыйкандарга семинар уюштурулуп, жүгөрүнүн түшүмдүү сортун өстүрүү сунушталды.
Район боюнча быйыл 8 миң гектарга жүгөрү эгилген болсо, анын 25 гектарына “пионер” жаңы сорту өстүрүлгөн. Бул сорт өткөн жылдан тартып өстүрүлө баштаган. Өзгөчөлүгү жергиликтүү сорттогу жүгөрүлөр гектарына 5-6 тонна берсе, “пионер” түшүмдүүлүгү жогору болуп, гектарынан 15 тоннага чейин алса болот. Семинарда дыйкандарга жүгөрүнүн төрт сорту боюнча кеңири түшүндүрмө берилди.