Жалал-Абад облусунун, Ала-Бука районундагы Сафед-Булан айылында түшүм майрамы кайналы талаасында уюштурулду.
Анда дыйкандар бир жыл мурда кыйыштырылган кайналы көчөттөрү мөмөсү чоң жана түшүмдүүлүгү жогорулаганына күбө болушту. Мындан сырткары, эксперттер тарабынан кайналынын жаңы сортторун туура кыйыштыруу жолдору үйрөтүлдү.
Иш чараны өткөрүүдөгү негизги максат - айыл жергесинде сапаттуу экологиялык жактан таза мөмө алуу менен чоң кирешеге жетүү. Кайра иштетүү жана дыйкандардын тажрыйбасын өркүндөтүү болуп саналат.