Жаңылыктар
Артем Новиковго улук лейтенант наамы ыйгарылды
Кыргызстан жаңылыктары
Артем Новиковго улук лейтенант наамы ыйгарылды

Коргоо министрлиги Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун төрагасы Артем Новиковго улук лейтенант наамын берди. 

Бул наам ага апрель айынын аягында Баткенде болгон чек ара чыры учурунда мамлекеттик органдар менен күч түзүмдөрүнүн иш-аракеттерин координациялоо иши жана Коргоо министрлигинин бөлүмдөрүнө көрсөткөн жардамы үчүн мөөнөтүнөн мурда берилди. 
Белгилей кетсек, ал убакта Новиков Биринчи вице-премьер-министр кызматын ээлеп турган. Новиковго улук лейтенанттын погондорун министр Таалайбек Өмүралиев тапшырды.