27-августтан 2-сентябрга чейин Бишкектин аймагында 4 миң 395 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашкандай, алардын ичинен 45 айдоочу мас абалында автоунаа башкарып бара жатып кармалса, 7 айдоочу автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып алган. 41 киши айдоочулук кубөлүгү жок авто унаа башкарса, 1 киши жасалма мамлекеттик номер менен автоунаа айдап жүргөн.
Башка жол эрежелерин бузган 4261 учур катталды. Ар кандай эреже бузган 327 автоунаа айып короо жайына токтотулду.