Жаңылыктар
Баткенде жол кырсыгынан 3 адам каза болуп, бир жүргүнчү жаракат алды
Кыргызстан жаңылыктары
Баткенде жол кырсыгынан 3 адам каза болуп, бир жүргүнчү жаракат алды

Баткенде жол кырсыгынан 3 адам каза болуп, бир жүргүнчү жаракат алды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Баткен облусунун Кадамжай районундагы Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 135-чакырымында Daewoo Tico үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып сайга оодарылып кеткен. 

Кырсыктын кесепетинен 3 эркек киши каза болуп, 25 жаштагы дагы бир жаран жаракат алган. Жерине ӨКМден 3 куткаруучу тартылып, каза болгон адамдарды унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти. Ал эми жаракат алган адам тез жардам кызматы менен ооруканага жөнөтүлдү.