Жалал-Абад облусунун аймагында үстүбүздөгү жылдын 7 айында жалпы 329 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 76 жаран жол кырсыгынын курмандыгы болгон. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБы боюнча ЖКККБнүн басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусунун аймактарында жайгашкан автобекеттерде жана ар тараптуу багыттарга жүргүнчү ташып каттаган такси кызматынын айдоочулары менен жолугушуулар өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. ИИМдин өкүлү Т. Досов жана штаб башчысы У. Умаров айдоочулардын көпчүлүк суроолоруна жооп беришти. Т. Досов өз кезегинде оор кесепеттер менен коштолгон жол унаа кырсыктарынын негизги себептери төмөнкүлөр экендигин айтып өттү:
- эң биринчиден адамдык факторлор, айдоочулардын көбү жолдо өзүн алып жүрүү маданиятын сактабагандык;
- айдоочу уктабай же болбосо эс албай жолго чыгуусу;
- каттуу ылдамдыкта айдоо;
- карама-каршы тилкеге ошол учурдагы жолдогу кырдаалды эске албай чыгуусу.
Андан сырткары соңку учурларда адам өмүрү кыйылган жол кырсыктарында, негизинен өз убагында эс албай, уктап кеткендиктен болуп жатканы айтылды. Буга чейин мындай иш-чаралар Ноокен жана Базар-Коргон райондорунда райондук ЖККК бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан дагы жүргүзүлүп, Бишкек багытына жүргүнчү ташып такси кызматын аркалаган ар бир айдоочуга эскертмелер таркатылган.