Жаңылыктар
Октябрдан тарта жөлөк пул 50 пайызга көбөйөт
Кыргызстан жаңылыктары
Октябрдан тарта жөлөк пул 50 пайызга көбөйөт

Өлкөдө орточо эсеп менен 200 миңдей үй-бүлө жакырчылыкта жашайт. Мындай кожолуктардын жашоо шартын жеңилдетүү башкы милдеттерден. Көз карандысыздык күнү Президент Садыр Жапаров жөлөк пул, пенсия көбөйтүлөөрүн белгилеп, көп өтпөй жарандардын айрым категорияларына ар айлык социалдык жөлөк пулдардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө Жарлыкка кол койду. Ага ылайык, октябрдан тарта жөлөк пул 50 пайызга  көбөйтүлгөнү турат. 

Мисалы 8 жылдан бери даун синдрому менен ооруган баласын караган Нургүл Султанова буга чейин 4 миң сом жөлөк пул алса, октябрдан тартып алты миң сом алат. Нургүл айым жөлөк пулдун көбөйүп жатканын угуп кубанып турган учуру. Себеби, даун синдрому менен ооруган баласы Амиралини логопед, дефектологго алып баруу үчүн бир топ эле каражат жумшайт. Жөлөк пулдун жогорулап жатканы уулунун кошумча курстарына кыйла жардам берерин белгилейт.

Бүгүнкү күндө өлкөдө 195 миңден ашык адам мамлекеттен жөлөк пул алат. Анын 32 миңден ашыгы 18 жашка чейинки балдар. Жыл сайын жөлөк пул алуу үчүн тизмеге алынып жаткандардын саны 10 миңден ашат.

Пандемиядан кийин азык-түлүккө болгон баалар көтөрүлүп, жашоо шарт оорлошо баштаганда жөлөк пулга муктаж үй-бүлөлөр да көбөйдү. Азыркы тапта жалпы жарандардын 30% ашыгы жөлөк пулду үйдүн негизги киреше булагы катары эсептешет.

Мамлекет башчы кол койгон жарлыктын негизинде 1-октябрдан баштап жөлөк пулдар эки этап менен көтөрүлөт. Адегенде 50, 100 жана 200 % га жогорулайт. Ал үчүн казынадан кошумча каражат талап кылынууда. Маселен, 1-октябрдан баштап көбөйтүлө турган жөлөк пул үчүн мамлекеттик бюджеттен 452,8 млн сом керектелет. Ал эми 2022-жылдын 1-январынан тартып 100 % көбөйгөн учурда, кошумча муктаждык 3 жарым млрд. сомдон ашык каражатты түзөт.

Мындан сырткары, багуучусунан айрылган учурда балдардын ар айлык жөлөк пулу көбөйгөнү эске алынып, социалдык фонд тарабынан багуучусунан айрылган учур боюнча пенсиялар теңделиши керек. Мындан улам Президент Садыр Жапаров «Пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Индексациялоонун жыйынтыгы менен орточо пенсия 500 сомго көбөйтүлөт.

Кара-Кулжа районунда 36 жыл мугалим болуп иштеген Айсалкын Адиева азыр 5000 сом пенсия алат. Октябрдан тарта пенсиясы көбөйтүлөрүн угуп, сүйүнүп турган чагы. Себеби күнүгө Калыс-Ордодон небересин кошумча сабактарга катыштыруу үчүн борборго ташыйт. Бул деле ашыкча чыгымды талап кылат.
 
Жалпысынан алганда пенсия көбөйтүлгөндөн кийин орточо көлөмү 6 248 сом болот. 1-октябрга карата эсептелген 715 миңден ашык пенсионердин акчасын жогорулатууга өлкө казынасынан кошумча каражат каралат. 

Жыл сайын күзүндө пенсияга акча кошуп туруу жөнүндө чечим 2017-жылы кабыл алган. Анын негизинде былтыр пенсия 400 сомго көбөйгөн. Кошумчалай кетсек өлкөдө аялдар пенсияга 58 жаштан, ал эми эркектер 63 жаштан чыгышат.