Жаңылыктар
"Танк биатлонунун" чемпиондору сыйланышты
Кыргызстан жаңылыктары
"Танк биатлонунун" чемпиондору сыйланышты

"Танк биатлонунун" чемпиондору сыйланышты. Танк биатлону боюнча мелдештин командалык эстафетанын экинчи дивизионунун жеңүүчүлөрүнө жана призерлоруна сыйлык тапшыруу аземи 3-сентябрда Патриот паркынын аймагындагы Эл аралык армия оюндарынын музейинде болду. 2-дивизиянын жеңүүчүлөрүнө кубокту Кургактагы күчтөрдүн башкы командачысы, армиянын генералы Олег Салюков тапшырды. 

Танк биатлону таймашы 3-сентябрда Москва облусундагы “Алабино” полигонунда өткөн. Кыргызстандык аскерлер төрт өлкө күч сынашкан мелдеште Т-72 танкы менен катышып, биринчи орунду алышса, экинчи орунду Тажикстан, үчүнчүнү Мьянма жана төртүнчү орунду Түштүк Осетия ээлеген. “Танк биатлону” эл аралык мелдеши 2013-жылдан бери жыл сайын өткөрүлөт.