Жаңылыктар
“Түштүк – 2021” машыгуусу жыйынтыкталат
Кыргызстан жаңылыктары
“Түштүк – 2021” машыгуусу жыйынтыкталат

Баткен жана Ош облустарында “Түштүк – 2021” биргелешкен командалык-штабдык мобилизациялык машыгуусу уланууда. 

Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, машыгуунун алкагында аскерлердин тапшырмаларды аткарууда күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыгынын чыныгы абалы текшерилүүдө. Ал эми запастагы түзүмдөрдүн өздүк курамы тоолуу аймактарда террордук топторду жок кылуу үчүн взводдордун тактикасын көрсөтүп, ок атуу машыгуусун практикада ишке ашырууда. 

Машыгуунун жүрүшүндө аскердик башкаруу органдарын жогорку даражадагы күжүрмөн даярдыкка келтирүү, ал эми мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын аскердик абалды киргизүү шартында баш ийген структураларга жана бөлүмдөргө жетекчилик кылуу боюнча иштөөгө даярдоо жаатындагы практикалык иш-чаралар иштелүүдө. 

“Түштүк – 2021” биргелешкен командалык-штабдык мобилизациялык машыгуусунун жабылышы 4-сентябрында Баткен шаарында өтөт.