Россиядагы кыргыз жарандарына юридикалык консультация берүү үчүн колл-борбор ачуу каралууда. Бул туурасында маселе Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин консулу Букалаев Эл аралык миграция уюмунун Москвадагы бюросунун директору Есоев менен жолукканда көтөрүлдү.
Россиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө миграция жана эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо багытында кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды. Жолугушуунун жыйынтыгында элчилик менен ЭМУнун Бюросунун өз ара аракеттенүү тартиби макулдашылды, ошондой эле «Борбордук Азия - Россия Федерациясынын коридорунда коопсуз жана квалификациялуу миграцияга көмөктөшүү» аттуу долбоордун Концепциясын иштеп чыгууда элчиликтин катышуусу тууралуу макулдашууга жетишилди.