Жаңылыктар
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлерине психологиялык сабактар өтүлүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлерине психологиялык сабактар өтүлүүдө

Ички иштер министрлигинин медицина башкармалыгынын психологиялык кызматынын адистери Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлерге психологиялык сабактарды өтүүдө. 

Себеби тартип сакчылары жарандар менен тыгыз байланышта иш алып баргандыктан алардын психологиялык абалы маанилүү. Физикалык чарчоо, салмактын өзгөрүшү, уйкунун бузулушу, дем алуунун оорлошу жана өнөкөт ооруладын козголушу кызматкердин эмоционалдык абалына таасир этет. Өтүлгөн сабактардын негизинде кызматкерлер тест тапшырууда.