Жаңылыктар
Президент кызматка киришкенде берген убадалары аткарылууда - саясат таануучу Марс Сариев
Кыргызстан жаңылыктары
Президент кызматка киришкенде берген убадалары аткарылууда - саясат таануучу Марс Сариев

Президенттин берген убадалары аткарылууда. Мындай пикирин саясат таануучу Марс Сариев массалык маалымат каражаттарынын бирине билдирген. 

Анын айтымында, Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап жатып, алдыдагы беш жылда бийлик ар бир кыргыз жаранына сапаттуу билим жана татыктуу жашоону камсыздай турганын белгиледи. Ошол эле учурда саясат таануучу былтыр Кыргызстан бюджетти жабуу үчүн 350 миллион доллар карыз алган болсо, быйыл бир да тыйын карыз алынган жок. Эң башкысы бийлик пенсия менен жөлөк пулду көбөйтүп жатат. Бул боюнча Президенттин тешелүү жарлыктары чыкты, - деди Марс Сариев.

Саясат таануучунун айтымында Президент өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо, аскердик техниканы жана курал - жарактарды мүмкүн болушунча тезирээк толуктоо, биздин куралдуу күчтөрдүн күжүрмөн даярдыгын жогорулатуу, чакан жана орто бизнести колдоо, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн чендерин төмөндөтүү боюнча да жакшы ойлорун айтты. Мисалы, 15 жумушчу орун түзгөн ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрү 17% дан 4% га чейин төмөндөтүлөт. 

"Президент кызматка киришкенде берген убадалары аткарылууда. Менин оюмча, эгер тышкы таасир тоскоолдук кылбаса, мен Ооганстандагы туруксуздукту жана айткым келет, анда Кыргызстандын чындыгында алдыдагы беш жылда элдин жашоо шартын жогорулатууга жакшы аракеттер көрүлөт" - деп белгиледи саясат таануучу Марс Сариев.