Жаңылыктар
Улукбек Марипов өлкө көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата эксклюзивдүү интервью берди
Кыргызстан жаңылыктары
Улукбек Марипов өлкө көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата эксклюзивдүү интервью берди

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата «Пирамида» телеканалына эксклюзивдүү интервью берди.

Маекте ал Кыргыз Республикасынын 30 жыл аралыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарына жана Министрлер Кабинетинин алдында турган милдеттерге токтолду.

Мындан тышкары, айыл чарба, энергетика, курулуш, ирригация, азык-түлүк коопсуздугу, экономикалык реформалар, бизнести, медициналык кызматкерлерди колдоого алуу, санариптештирүү, мамлекеттик реформаларды жүргүзүү, коронавирус инфекциясы пандемиясына байланыштуу маселелер талкууланды.