Ишкерлерге ар тараптуу көңүл бурулууда. Анын натыйжасында Баткендин Лейлек районуна кварц кумунан айнек жасоочу ишкана ачуу пландалууда. Бул боюнча долбоор аталган облустун, райондун жетекчилерине жиберилген. Бул аракеттер Президенттин жыл башындагы "Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө" жарлыгына ылайык ишке ашырылганы турат. Жарлыктын негизинде 52 бизнес долбоор иштелип чыкты. Учурда анын жарымынан көбү 1-2 жылдын ичинде жүзөгө ашырылышы керек.
Бүгүнкү күндө өлкө экономикасынын дээрлик 85 пайызын ишкерлер түзөт. Мындай көрсөткүч бизнес коомчулугу аталган тармактын кыймылдаткыч күчү экендигинен кабар берүүдө. Бирок, бизнестин көбү пандемиядан жапа чегип, азыркыга чейин жандана албай жатат. Мындан улам «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» Президенттин жарлыгы чыгып, анын алкагында экономика жана финансы министрлиги иш-чаралар планын даярдаган. Жакында ишкерлер туш болгон көйгөйлөрүн тезирээк чечип алуу үчүн Жибек Жолу/Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишине ишкерлерди тейлөө борбору ачылат.
Ишкерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында буга чейин салык жол-жоболорун фискалдаштыруу башталган. Анын алкагында электрондук эсеп-фактуралар, автомай куюучу станцияны башкаруунун автоматташтырылган системасы, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз сыяктуу долбоорлор ишке ашырылууда. Учурда 2023-жылга чейин көзөмөл кассалык машинаны киргизүү колго алынган.
Ошондой эле, Баткен облусундагы ишкерликти өнүктүрүү жана колдоо максатында мыйзам долбоору иштелип чыккан. Учурда Лейлек районунда каржылык сыйымдуулугу жогору, 250 млн доллардан кем эмес долбоорду ишке ашыруу каралууда. Ошондой эле, мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү жеке ишкана кеңейтилет.
Мындан сырткары 1-2 жылдын ичинде дагы 30дай долбоор ишке ашырылышы керек. Жалпысынан Президенттин «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» жарлыгына ылайык, 52 бизнес долбоор даярдалган. Экономисттер инвесторлого жагымдуу шарттар түзүлүп турса эле бардык долбоорлор ишке ашырыларын белгилешүүдө.
Экономиканы алдыга жылдыруу үчүн «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» жарлыктын алкагында Экономика жана финансы министрлиги 16 тапшырманы жана 48 иш-чараны сапаттуу аткарышы керек. Алардын баары бизнес чөйрөсүнө жагымдуу, адилеттүү шарттарды түзүүгө багытталган.