Жаңылыктар
Октябрдан тарта социалдык жөлөк пул 50 пайызга көбөйтүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Октябрдан тарта социалдык жөлөк пул 50 пайызга көбөйтүлөт

Октябрдан тарта социалдык жөлөк пул 50 пайызга көбөйтүлөт. Ал эми, кийинки жылдан баштап 100 пайызга жогорулайт. Бул шартты бекемдеген Жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду. Мамлекет башчынын “Жарандардын айрым категорияларына ар айлык социалдык жөлөк пулдардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө» Жарлыгында дагы эмнелер камтылган? 

Бүгүнкү күндө 32 миң мүмкүнчүлүгү чектелген бала болсо, алар 4000 сомдон жөлөк пул алып келишет. Бул сумма 2009-жылдан бери көтөрүлө элек. Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгына ылайык, ар айлык социалдык жөлөк пулдардын өлчөмдөрү көбөйтүлмөй болду. 

ВИЧке же СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга 4000 сомдон 6000 сомго чейин, атасынан же энесинен айрылган балдарга 1000 сомдон, 1500 сомго чейин, ата-энесинен айрылган балдарга 2000 сомдон 3000 сомго дейре көбөйтүлөт. Ал эми, I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга 4000 сомдон 6000 сомго чейин жогорулайт. II топтогу майыптарга 3300 сомдон 4950 сомго чейин көтөрүлөт. Бала кезинен III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар 2700 сомдон 4050 сомго чейин көбөйтүлгөн жөлөк пул алышат. Атасы менен энеси белгисиз балдарга 2000 сомдон 3000 сомго чейин көбөйөт. 

Кол коюлган жарлыкта көрсөтүлгөндөй, 1-октябрга чейин эсептелген ар айлык социалдык жөлөк пулдардын өлчөмдөрүнө карата жөлөк пул кийинки жылдан баштап 100 пайызга көбөйтүлөт. 

Алдын ала эсептер боюнча ар айлык социалдык жөлөкпулдардын өлчөмүн көбөйтүүгө республикалык бюджеттен кошумча каражат талап кылынат. Алсак жөлөк пул 50 пайызга көбөйтүлгөн учурда кошумча 452,8 млн сом керек. Ошондой эле, багуучусунан айрылган учурда балдардын ар айлык жөлөк пулу көбөйгөнүн эске алып, Социалдык фонд тарабынан багуучусунан айрылган учур боюнча пенсияларды теңдөө зарыл. Буга байланыштуу дагы казынадан кошумча акча керек. Быйыл октябрдан баштап 138 млн сом, 2022-жылдын январынан – 970,0 млн сом талап кылынат. Чыгашалардын каржылоо булагы республикалык бюджеттин каражаттары болот.